Telegram Web
Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Тотуяев Уланбек Асанкулович жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызмат ордунан бошотулду.

****

Уланбек Тотуяев освобожден от должности Посла Кыргызстана в Пакистане

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Указ, согласно которому Тотуяев Уланбек Асанкулович освобожден от должности Чрезвычайного и Полномочного Посла Кыргызской Республики в Исламской Республике Пакистан за ненадлежащее исполнение возложенных обязанностей.
Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тарта пенсиялар көбөйөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Мамлекет башчысы пенсия курагына жеткен жана пенсияга чыккан жарандарыбыздын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу - өлкөнүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев баяндама жасады.

https://president.kg/news/all/25481
*****
В Кыргызстане с 1 июля 2024 года будут увеличены пенсии


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 28 июня, провел совещание, посвященное вопросам увеличения пенсий в стране.

Глава государства отметил, что обеспечение достойного уровня жизни наших граждан, достигших пенсионного возраста и вышедших на пенсию – приоритетное направление работы страны.

С докладом по данному вопросу выступил председатель Социального фонда Кыргызской Республики Бактияр Алиев.

https://president.kg/news/all/25481
Media is too big
VIEW IN TELEGRAM
🎥Видео: Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тарта пенсиялар көбөйөт
****
🎥Видео: В Кыргызстане с 1 июля 2024 года будут увеличены пенсии
Президент Садыр Жапаров ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Катчылыгынын учурдагы ишмердүүлүгү, Уюмдун алкагында кызматташуунун бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги тууралуу айтып берди.

Ошону менен бирге Кубанычбек Өмүралиев Азербайжанда өтүүчү ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна карата даярдык иштери тууралуу маалымат берди.
Президент Садыр Жапаров принял Генерального секретаря ОТГ Кубанычбека Омуралиева

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 28 июня, принял Генерального секретаря Организации Тюркских Государств (ОТГ) Кубанычбека Омуралиева.

В ходе встречи Генеральный секретарь Кубанычбек Омуралиев рассказал о текущей деятельности Секретариата ОТГ, состоянии и перспективах взаимодействия в рамках Организации по всем направлениям сотрудничества.

Вместе с тем Кубанычбек Омуралиев информировал о подготовительной работе к предстоящей неформальной встрече глав государств стран-участниц ОТГ в Азербайджане.
Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапар менен Кыргызстанга келет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргыз Республикасына иш сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат», - деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.

********

Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш посетит с визитом Кыргызстан

По приглашению Президента Кыргызской Республики Садыра Жапарова Генеральный секретарь ООН Антониу Гутерриш 1-3 июля посетит с визитом Кыргызскую Республику. Об этом сообщил заведующий отделом внешней политики Администрации Президента Кыргызской Республики Муратбек Азымбакиев.

«В рамках визита в г. Чолпон-Ата планируются двусторонние переговоры с Президентом Садыром Жапаровым, министром иностранных дел Жээнбеком Кулубаевым, а также посещение одного из проектов ПРООН.

Стороны обсудят состояние и перспективы сотрудничества в рамках ООН, обменяются мнениями по актуальным вопросам международной повестки дня», - отметил Муратбек Азымбакиев.
Кыргызстан менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам 2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.

Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы салык салуу чөйрөсүндөгү өз ара мамилелерин жөнгө салууну карайт.

**********

Ратифицировано Соглашение между Кыргызстаном и Нидерландами об устранении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Кыргызской Республикой и Королевством Нидерландов об устранении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов, подписанного 5 декабря 2023 года в городе Бишкек».

Данный Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 22 мая 2024 года.

Закон разработан в целях выполнения внутригосударственных процедур по вступлению в силу Соглашения между Кыргызской Республикой и Королевством Нидерландов об устранении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов, подписанного 5 декабря 2023 года в городе Бишкек.

Соглашение предусматривает регулирование взаимоотношений Кыргызской Республикой с Королевством Нидерландов в области налогообложения.
2024/06/29 01:02:28
Back to Top
HTML Embed Code: