Telegram Web
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасындагы нотариат иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында кабыл алынган.
Мыйзамдын 1-беренесине ылайык “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктунун “б” пунктчасы жаңы редакцияда баяндалган, ага ылайык колдонулушу Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагы менен чектелген жеке нотариалдык ишти жүзөгө ашыруу лицензиялары дагы берилиши мүмкүн.
Мыйзамдын 2-беренесине ылайык “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнө толуктоо киргизүү каралган, ага ылайык аймактык колдонуу чөйрөсү боюнча лицензиялар төмөнкүдөй айырмаланат:
– Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө универсалдуу лицензия;
– Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө локалдаштырылган лицензия.
Внесены изменения в законы «О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике» и «О нотариате»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики «О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике», «О нотариате»)».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 30 мая 2024 года.

Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики «О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике», «О нотариате»)» (далее – Закон) принят в целях совершенствования нормативных правовых актов в сфере нотариальной деятельности Кыргызской Республики.
В соответствии со статьей 1 указанного Закона, подпункт «б» пункта 2 статьи 9 Закона Кыргызской Республики «О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике» излагается в новой редакции, согласно которой также могут выдаваться лицензии на осуществление частной нотариальной деятельности, действие которых ограничивается определенной территорией Кыргызской Республики.
Согласно статье 2 Закона в часть 1 статьи 14 Закона Кыргызской Республики «О нотариате» вносится дополнение, согласно которой лицензии по территориальной сфере действия различаются на:
– универсальную лицензию на осуществление частной нотариальной деятельности на всей территории Кыргызской Республики;
– локализованную лицензию на осуществление частной нотариальной деятельности на определенной территории Кыргызской Республики.
Кытай Өкмөтүнүн, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан
2024-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Мыйзам «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу көмөк көрсөтөт.

Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат.

Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.
Ратифицировано Соглашение между Правительством Китая, Кабинетом Министров Кыргызстана и Правительством Узбекистана о сотрудничестве в совместном продвижении проекта железной дороги "Китай - Кыргызстан - Узбекистан"


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики
«О ратификации Соглашения между Правительством Китайской Народной Республики, Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Республики Узбекистан о сотрудничестве в совместном продвижении проекта железной дороги «Китай - Кыргызстан - Узбекистан», подписанного 6 июня 2024 года в городе Пекин».

Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики
19 июня 2024 года.

Целью Закона является проведение внутригосударственных процедур, необходимых для вступления в силу Соглашения между Правительством Китайской Народной Республики, Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Республики Узбекистан о сотрудничестве в совместном продвижении проекта железной дороги «Китай - Кыргызстан - Узбекистан», подписанного 6 июня 2024 года в городе Пекин (далее – Соглашение).

Закон позволит начать практическую реализацию проекта строительства железной дороги «Китай – Кыргызстан – Узбекистан». Реализация данного проекта будет иметь общий положительный социально-экономический эффект в развитии экономики Кыргызской Республики.

Новый железнодорожный коридор станет южным ответвлением континентального моста Евразии и откроет доступ на рынки Юго-Восточной, Западной Азии и стран Ближнего Востока, в том числе Турцию и далее в Евросоюз.

Проект обеспечит повышение конкурентоспособности на международном рынке транзитных перевозок за счет сокращения расстояния и времени доставки грузов.
Жер казынасы жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, КРда уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө Мыйзам күчүн жоготту деп табылды


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жана “Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул мыйзам 2024-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун, өлкө үчүн стратегиялык маанилүү ресурстарды пайдалануунун жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү максатында Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жокко чыгарылууда.

*****
Внесены изменения в Закон о недрах и признан утратившим силу Закон о запрещении деятельности, связанной с геологическим изучением недр с целью поиска, разведки и разработкой урановых, ториевых месторождений в КР


Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики «О недрах») и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики «О запрещении деятельности, связанной с геологическим изучением недр с целью поиска, разведки и разработкой урановых, ториевых месторождений в Кыргызской Республике».

Данный Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 13 июня 2024 года.

Отмечается, что в целях достижения баланса между обеспечением экологической безопасности, использованием стратегически важных для страны ресурсов и развития экономики Кыргызстана Законом отменяется запрет на осуществление деятельности, связанной с геологическим изучением недр с целью поиска, разведки и разработки урановых и ториевых месторождений Кыргызской Республики.
Президент Садыр Жапаров Мальтанын тышкы иштер министри, учурдагы ЕККУнун төрагасы Иан Борчду кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Иан Борчду кабыл алды.
Жолугушууда ЕККУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде аймактык кызматташтык, кылмыштуулук менен күрөшүү, чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын потенциалын ишке ашыруу, Кыргызстандын аймактарында ишкерликти колдоо, электрондук сооданы өнүктүрүү жана башкалар талкууланды.
Мамлекет башчысы Иан Борчтун иш сапары Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кошумча дем берерине ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров ЕККУга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коопсуздукту камсыздоо жаатында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, ЕККУ менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экенин билдирди.
Президент климаттын өзгөрүү процесстерине байланыштуу өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги приоритеттеринин бири болуп “жашыл экономиканы” илгерилетүү, экологиялык таза технологияларды жайылтуу жана жайылтуу болуп саналаарын жана ушуга байланыштуу Кыргыз Республика жашыл демилгелерди илгерилетүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Өз кезегинде ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Иан Борч Президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал ЕККУнун компетенциясынын чегинде колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин ырастады.
Баарлашуунун жүрүшүндө Иан Борч Мамлекет башчысына Уюмдун артыкчылыктуу багыттарынын алкагында ЕККУнун учурдагы ишмердүүлүгү, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишинин актуалдуу аспектилери, Уюмдун алкагында кызматташуу, анын ичинде тоо тематикасын жана климаттын өзгөрүшүн илгерилетүү жаатында Кыргызстандын демилгелерин колдоо тууралуу айтып берди.
Соңунда Президент Садыр Жапаров ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борчго Мальтанын ЕККУдагы төрагалыгынын ийгиликтүү өтүүсүн каалады.
Президент Садыр Жапаров принял Действующего председателя ОБСЕ, Министра иностранных дел Мальты Иана Борча
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 27 июня, принял Действующего председателя Организации по безопасности и сотрудничеству в Европе (ОБСЕ), Министра иностранных дел, европейских дел и торговли Мальты Иана Борча.
Обсуждены вопросы взаимодействия в рамках ОБСЕ, в том числе региональное сотрудничество, вопросы борьбы с преступностью, реализации потенциала пограничной службы, правоохранительных органов, поддержки предпринимательства в регионах Кыргызстана, развитие электронной коммерции и др.
Глава государства выразил уверенность в том, что визит Иана Борча придаст дополнительный импульс дальнейшему развитию сотрудничества Кыргызстана в рамках ОБСЕ.
Садыр Жапаров поблагодарил ОБСЕ за успешную проектную деятельность в Кыргызстане в сфере социально-экономического развития, борьбы с преступностью и обеспечения безопасности, а также обозначил готовность продолжать активное взаимодействие с ОБСЕ.
Президент подчеркнул, что в связи с процессами изменения климата одним из главных приоритетов экономической политики страны является продвижение «зеленой экономики», внедрение и распространение экологически чистых технологий и охрана окружающей среды, и в этом плане Кыргызская Республика заинтересована в развитии сотрудничества с международными партнерами по продвижению зеленых инициатив.
В свою очередь Действующий председатель ОБСЕ, Министр иностранных дел, европейских дел и торговли Мальты Иан Борч выразил слова благодарности Президенту Садыру Жапарову за теплый прием и гостеприимство.
Он подтвердил готовность продолжить оказание поддержки в рамках компетенции ОБСЕ.
В ходе беседы Иан Борч рассказал Главе государства о текущей деятельности ОБСЕ в рамках приоритетных направлений Организации, актуальных аспектах работы Программного офиса ОБСЕ в Бишкеке, Академии ОБСЕ в Бишкеке, перспективах сотрудничества в рамках Организации, в том числе в контексте поддержки инициатив Кыргызстана в сфере продвижения горной тематики и изменения климата.
В завершение Президент Садыр Жапаров пожелал Действующему председателю ОБСЕ, Министру иностранных европейских дел и торговли Мальты Иану Борчу успешного председательства Мальты в ОБСЕ.
Президент Садыр Жапаров Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини «Достук» ордени менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 27-июнда Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-венгер мамилелерин эки тараптуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, стратегиялык өнөктөштүк, соода-экономикалык, гуманитардык тармактагы кызматташтык ж.б. талкууланды.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде билим берүү демилгелери чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүүгө басым жасалды.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын февраль айында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналаарын жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча бирдиктүү милдеттенмени айгинелеп турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Венгриянын элчиси Шандор Дорогиге кыргыз-венгер мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодо көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы - «Достук» орденин тапшырды.

Өз кезегинде Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги мамлекет башчыга кыргыз-венгер кызматташтыгынын үч негизги багыты – экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири айтып берди.

Соңунда ал Президент Садыр Жапаровго Венгриянын Бишкектеги дипломатиялык миссиясынын башчысы катары ишмердүүлүгүн жогору баалаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Садыр Жапаров наградил Посла Венгрии в Кыргызстане Шандора Дороги орденом «Достук»

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров, сегодня, 27 июня, принял Чрезвычайного и Полномочного Посла Венгрии в Кыргызской Республике Шандора Дороги.

Обсуждены актуальные вопросы двусторонней повестки с акцентом на дальнейшее укрепление стратегического партнерства между Кыргызской Республикой и Венгрией, а также углубления кооперации в гуманитарной сфере, в том числе в области образовательных инициатив.

Глава государства подчеркнул, что подписание Совместной декларации об укреплении и развитии стратегического партнерства в феврале 2023 года является важной вехой развития двусторонних отношений и свидетельствует об общей приверженности делу дальнейшего расширения сотрудничества между Кыргызстаном и Венгрией.

Президент Садыр Жапаров выразил признательность Послу Венгрии Шандору Дороги за личный вклад в развитие кыргызско-венгерских отношений и высокий профессионализм, проявленный в вопросах укрепления дружбы между двумя странами и вручил Послу Венгрии государственную награду Кыргызской Республики — орден «Достук».

В свою очередь Чрезвычайный и Полномочный Посол Венгрии в Кыргызстане Шандор Дороги подробно рассказал Главе государства о проводимой работе в трех главных направлениях кыргызско-венгерского сотрудничества - экономические связи, образование и культурные связи.

В завершение он выразил благодарность Президенту Садыру Жапарову за высокое признание его деятельности на посту главы венгерского дипломатического представительства в г. Бишкек.
2024/09/30 00:56:26
Back to Top
HTML Embed Code: