Улуттук кардиохирургия институтундагы өрттөн эки бала каза болуп, 9 адам жабыркады
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттөн каза болгондор жана башка ооруканага которулган бейтаптар тууралуу комментарий берди.
Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан 1 жаш 7 айлык бала жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапты. Андан тышкары 9 адам жабыркап, иске ууланып ооруканага жаткырылды.
11-февралдын кечинде өрт чыккан учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жалпы 104 адам болгон. Алардын ичинен 50 бейтап (19у балдар), аларды карап жаткан 32 адам жана 22 медициналык кызматкер болгон.
12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, эки бейтап Улуттук госпиталга, 15 бейтап Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. 19 адам үйлөрүнө дарыланууга коё берилди.
@azattyk_radiosu

⚡️Фейсбуктагы жазгандары үчүн дагы бир жаран кармалды
Фейсбукта "Берик Держинский" деген ат менен жазып жүргөн 50 жаштагы адам Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал адам өлкө жетекчилигинин дарегине жагымсыз постторду жазып жүргөнү аныкталган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен кылмыш иши козголуп, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертиза посттор бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөгө, бийликти алмаштырууга жана массалык башаламандыкка чакырган мазмунда деген жыйынтык чыгарган.
Иликтөө иштеринин алкагында аккаунттун ээси - 50 жаштагы О.Б. аттуу жаран экени аныкталып, кармалып, тергөө абагына киргизилген.

«Азаттык» радиосу
‼️ Абхазиядан, Армениядан келген машиналар 1-мартта мыйзамдаша баштайт Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу жараяны 1-мартта башталат. Бул тууралуу 31-январда Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” фракциясынын президенттин четтен келген…
Кыргызстанда армян, абхаз номурлуу 900дөй машине айып токтотуучу жайда турат
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Мамлекеттик бажы кызматынын айып автоунаа токтотуучу жайында Армения менен Абхазиядан келген 900дөй машине бар экенин билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин 12-февралында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери армян, абхаз номурлуу автоунааларды токтотуп гана берерин, алардын документин Бажы кызматы текшерип, чечим кабыл алып жатканын айтты.

Жаңылыктар | 12.02.2025 | Улуттук кардиохирургия институтундагы өрт эмнеден чыкты?*
- Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтундагы өрт кырсыгынан эки бала каза болуп, 9 адам жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берди.
- Киевге баллистикалык ракетадан сокку урулуп, киши өмүрү кыйылды. Украин президенти Владимир Зеленский башкалаага жасалган чабуулду Орусиянын Украинага каршы террору деп атады.
- "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктар бүгүн иликтөөчү журналисттерге ыйгарылды. Анын элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган. https://www.youtube.com/watch?v=omW-BN8fHTU

YouTube
Жаңылыктар | 12.02.2025 | Улуттук кардиохирургия институтундагы өрт эмнеден чыкты?
- Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтундагы өрт кырсыгынан эки бала каза болуп, 9 адам жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү…
Мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү иликтенүүдө
Каза болгон өспүрүмдүн жакындары ал мектепте сабалып, ошонун жыйынтыгында каза болгонун айтышууда. Милиция бул боюнча тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.
10-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, 2010-жылы туулган уулу мектептин дааратканасында сабалып, көз жумганын билдирген. Бул тууралуу аталган райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
"Жаран арызында 21-январь күнү, 2010-жылы туулган А.А. аттуу уулуна (Бишкектеги) №72 орто мектептин дааратканасынан Т.И., С. Б., К. Б. аттуу окуучулар денесине жаракат келтиришкенин жана анын кесепетинен уулу эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана 4-февраль күнү ооруканада каза болгондугун билдирген", - деп жазылган маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, иштин жагдайлары териштирилүүдө.
Ленин райондук милициясы өспүрүмдүн ата-энесинин арызы дыкат каралып, ар тараптуу териштирүү жүргүзүлөрүн кабарлады. №72 орто мектепке бекитилген кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Бир нече күн мурун соцтармакта мектеп окуучулары дааратканада бир окуучуну көптөп тепкилеп-сабап жатканы тартылган тасма тараган. Көп өтпөй айрым маалымат каражаттары дааратканада сабалган окуучу ооруканада көз жумганын, баланын ата-энеси бул тууралуу мектептин жетекчилиги да, милиция да эч кандай маалымат бербегенине нааразылыгын билдиргенин жазышкан.
Билим берүү жана илим министрлиги да, Ички иштер министрлиги да бул тасманын аталган окуяга тиешеси бар-жогу тууралуу маалымат бере элек.
Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң, суицидге барган балдардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн. https://www.azattyk.org/a/33312309.html

Азаттык Υналгысы
Мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү иликтенүүдө
Каза болгон өспүрүмдүн жакындары ал мектепте сабалып, ошонун жыйынтыгында каза болгонун айтышууда. Милиция бул боюнча тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.
10-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып…

Милиция Ошто 9-класстын окуучусу ур-токмоктон каза болгонун билдирди
Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-“Ден-соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 12-февралда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Күбөлөр №39 мектептин окуучулары пикир келишпестиктен улам уруша кетип, 9-класстын окуучусу ур-токмокко кабылып, эсин жоготуп кулап калганын айтышкан. Бул окуя Кара-Суу райондук милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине “Ден-соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен катталган.
Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, маркумду ошол эле мектептин 17 жаштагы окуучусу (Р.Н.) сабаганы аныкталган. Ал шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.
https://www.azattyk.org/a/33313069.html

Милициянын маалыматына ылайык, 12-февралда Кара-Суу райондук…

MCN coin иши боюнча Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы Тойчубеков камалды
MCN coin криптоактиви ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Юруслан Тойчубековго Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылды.
Юруслан Тойчубеков 2015-жылы Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигин жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн сом салык түшпөй калган деп айыпталган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган.
Ал 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келип, 2022-жылы ага козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткен деген негиз менен кыскартылган.
https://www.azattyk.org/a/33313116.html

MCN coin криптоактиви ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма…
Кара-Сууда окуучунун өлүмүнөн улам бир топ жетекчи, кызматкер иштен алынды
Кара-Суу районунун Каратай айылында жайгашкан №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин окуучусунун өлүмү боюнча райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Акбермет Толтоева кызматынан бошотулду.
Райондук акимчилик Фейсбуктагы расмий баракчасында кабарлагандай, бул окуяга байланыштуу акимдин орун басары Айжан Кулановага жана акимчиликтин социалдык жактан өнүктүрүү жана камсыздоо секторунун адиси Жеңиш уулу Азаматка сөгүш жарыяланды.
Ошондой эле окуя болгон мектептин директору Нурланбек Калмурзаев, орун басарлары Улпатхан Жунусалиева жана Гүлсүнай Кулболдиева, мектептин социалдык педагогу, мушташка катышкан балдардын класс жетекчилери менен чогуу кызматынан четтетилишти.
Маалыматка ылайык, 12-февраль күнү саат 11:00 чамасында аталган мектептин 9-классынын жана 11-классынын окуучулары мушташып, натыйжада 9-А класстын окуучусу Адилет Турдубаев жабыркаган. Бала ооруканада көз жумган.
№39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 610 окуучу билим алат, 48 мугалим иштейт. 9-класста 44 окуучу, 11-класста 17 окуучу окуйт.
Бул окуяга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.
Жакында эле Бишкектеги №72 орто мектептин окуучусу ур-токмоктон каза болгону айтылып, “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
https://www.azattyk.org/a/33313268.html

Райондук акимчилик Фейсбуктагы расмий баракчасында кабарлагандай…

Журналист Нарын Айып 72 жашында дүйнө салды
Журналист Нарын Айып 13-февралда 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды.
Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн.
1975-1976-жылдары Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин физика факультетинде стажировкадан өтүп, Кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштегенден кийин, 1977-1980-жылдары СССР Илимдер академиясында (Н.Намёткин атындагы Нефтехимиялык синтез институтунда) аспирантурада окуп, Москвада 1982-жылдан 1993-жылга чейин СССР Илимдер академиясында (Жогорку температуралар институтунда) илимий кызматкер болуп иштеген.
1993-жылдын башында ошол кезде Мюнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылы апрелден октябрга чейин “Res Publiсa” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеген.
1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мюнхенде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылдан тарта (радио Мюнхенден Прагага көчкөндөн соң) 2002-жылга чейин ал кызматтын редактору болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон (калган экөө - Геннадий Кузьмин жана Дина Маслова).
Андан кийин Кыргызстандагы бир катар медиаларда кызмат кылып, бир нече жыл мурдагы 5-каналда алып баруучу, редактор, соңку кездери “Жетинчи каналда” иштеп жаткан.
Нарын Айыптын артында аялы Нуржамал Идинова, төрт кызы калды.
“Азаттык” радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.
https://www.azattyk.org/a/33313427.html

Журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды.
Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги…

Азаттык: Кечки радио эфир | 13.02.2025
- MCN coin криптоактивинин ишине байланыштуу Каржы базарынкөзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин
камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралгакараган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.
- Бишкектеги
мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү тергелип жатканмаалда Кара-Суу районунда мушташтан кийин окуучу ооруканада көз жумду.
- АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын
мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү. https://www.youtube.com/watch?v=BCsHgn6laRE

- MCN coin криптоактивинин ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун…
Кендирбаева окуучулары каза болгон эки мектептин жетекчилиги кызматтан алынганын айтты
8-класстын окуучусунун өлүмүнөн кийин Бишкектеги №72 мектептин жетекчилиги толугу менен кызматтан четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Министр 9-класстагы окуучунун өлүмүнөн соң Кара-Суудагы №39 мектептин жетекчиси баш болгон жети мугалим кызматтан кетирилгенин кошумчалады.
"Бишкекте 106 мектеп видео көзөмөл менен жабдылган. Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлорунун санын көбөйтүп, мектептерди психолог менен камсыздоо да зарыл", - деди Кендирбаева.
Бишкекте каза тапкан баланын ата-энеси анын өлүмүнө дааратканада башка балдардын ур-токмокко алганы себеп болгонун айтууда. Мектеп мугалимдери бала дааратканада кулап түшүп, жуунмага башы менен тийгенин билдиришкен. Окуучу 4-февралда ооруканада көз жумган.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Би шкектеги №72 мектепте окуучунун өлүмүнө байланыштуу “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон жана өлүмдүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Бул мектепке бекитилген милиция кызматкеринин ишине да укуктук баа берилери кабарланган.
13-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш ишин козгогон. Милициянын маалыматына ылайык, 12-февралда Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. https://www.azattyk.org/a/33313482.html

Министр 9-класстагы окуучунун…
Министр 9-класстагы окуучунун…
Жаңылыктар | 13.02.2025 | Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү
- 8-класстын окуучусунун өлүмүнөн кийин Бишкектеги №72 мектептин жана 9-класстагы окуучунун өлүмүнөн соң Кара-Суудагы №39 мектептин жетекчилиги кызматтан четтетилди. Өспүрүм балдар ур-токмоктун айынан каза болгону айтылууда.
- Дональд Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү. АКШ президенти ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган командасынын курамын жарыялады.
- Парламент “Жер кодексинин” жаңы редакциясын үчүнчү окууда кабыл алды. Демилгечилер жаңы кодекстин максаты – жерлерди коргоо жана пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү десе, айрым депутаттар дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. https://www.youtube.com/watch?v=sW99l36rbgI

- Дональд Трамп Путин жана…
- Дональд Трамп Путин жана…
Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады
Баткен шаарында 2008-жылы туулган М.Ч. жана А.Д. аттуу эки өспүрүм 8-февраль күнү таңкы саат 6:00 чамасында чырдашып, А. Д. аттуу өспүрүм теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жиберген. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) 14-февралда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, натыйжада жаракат алган бала ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө кабыл алынган.
Милиция билдиргендей, чатак 8-февралга караган түнү саат 00:30 чамасында башталган, пикир келишпестиктен улам уруша кеткен балдар үйүнө тарап кетишкен.
Бул окуяны Баткен ШИИБи Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен бирдиктүү реестрге каттап, тийиштүү экспертизаларды дайындаган. Учурда тергөө жүрүп жатканы, анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилери кабарланды.
Теңтушуна бычак шилтеген өспүрүмдүн бөгөт чарасын Баткен райондук сотунун тергөө судьясы 8-февралда карап, ал ата-энесинин көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген.
Милициянын белгилешинче, бул эки өспүрүм мектеп окуучулары эмес, алар 9-классты аяктагандан кийин мектептен чыгып кетишкен.
https://www.azattyk.org/a/33314519.html

Баткен шаарында 2008-жылы туулган М.Ч. жана А.Д. аттуу эки өспүрүм 8-февраль күнү таңкы саат 6:00 чамасында чырдашып, А. Д. аттуу өспүрүм теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жиберген. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ШИИБ)…
Жаңылыктар | 14.02.2025 | "Дордойдо" салык жыйноону базар башчылары көзөмөлдөйт
- Орусиянын дрон соккусу Чернобыл атомдук электр станциясынын саркофагына же коргоочу калканына тийди. Украинадагы кырдаал жана согушту токтотуу маселеси 14-февралда башталган Мюнхендеги Коопсуздук боюнча жыйында талкууланат.
- Эми “Дордой” базарында соодагерлердин салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн базардын администрациясы көзөмөлдөй турган болду. Салык кызматы пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо, мындай эреже башка базарларга да жайылтыларын билдирди.
- Милиция Баткенде 16 жаштагы өспүрүм теңтушун бычактаганын кабарлады.
Кыргызстанда соңку күндөрү өспүрүмдөр чатакташып, мектептеги чоңсунуудан улам өлүм менен коштолгон бир нече окуя катталды. https://www.youtube.com/live/yr_VDNa4KFo

- Орусиянын дрон соккусу Чернобыл атомдук электр станциясынын саркофагына же коргоочу калканына тийди.
Украинадагы кырдаал жана согушту токтотуу маселеси 14-февралда башталган Мюнхендеги Коопсуздук боюнча жыйында талкууланат.
- Эми “Дордой” базарында…

Бишкекте 8-класстын окуучусунун өлүмүнө шектүү өспүрүм убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып аталган мектептин 9-классынын окуучусу Т.И. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") жана 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 15-февралда кабарлады.
Милиция шектүү баңгизат колдонгону тууралуу маалымат тастыкталбаганын маалымдап, тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында баңгизат изи аныкталбаганын кошумчалады.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т. И. 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы, натыйжада 8-класстын окуучусу А.Анын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгону аныкталды" деп жазылган милициянын маалыматында. Тергөө уланууда.
Бишкектеги №72 мектепте 8-класста окуган уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалып, өзүн жоготконун, ооруканада 15 күн жатып каза болгонун айткан ата-эне 10-февраль күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) кайрылган. Алар уулунун өлүмүнө ошол эле мектепте 9-класста окуган окуучу Т.Ини айыптаган пикирин "Азаттыкка" да айтып беришкен.
Шектүү өспүрүмдүн жакындары же адвокаттары азырынча эч кандай комментарий берише элек. https://www.azattyk.org/a/33315693.html

Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып аталган мектептин 9-классынын окуучусу Т.И. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") жана…
Жумгалда өспүрүмдөр чатакташып, бири жараат алганы кабарланды
13-февралга караган түндө Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын окуучулары А.Н жана И.Т. чатакташып, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.
Мекеме билдиргендей, 13-февралда 00:05 чамасында Жумгал райондук ооруканасынан милициянын 102 кызматына денесинен жаракат алган 2009-жылы туулган И.Т. аттуу өспүрүм түшкөнү тууралуу кабар барган. Окуя тууралуу маалымат Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки териштирүү башталган.
Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу ооруканага барган учурда өспүрүм Баш-Кууганды айылындагы орто мектептин 10- классынын окуучусу экени аныкталган. Жабыркаган бала өзүнүн А.Н. аттуу классташы менен уюлдук телефон талашып, уруша кетишкенин, классташы аны учтуу нерсе менен сол санына сайып, качып кеткенин айтып берген.
ОИИБдин маалымдашынча, жабыркаган өспүрүмдүн ата-энеси факт боюнча арыз жазуудан баш тарткан.
Тийиштүү деңгээлде алдын алуу иштерин жүргүзбөгөнү үчүн Жумгал РИИБдин беш кызматкери тартиптик жазага тартылды. https://www.azattyk.org/a/33315687.html

13-февралга караган түндө Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын окуучулары А.Н жана И.Т. чатакташып, натыйжада балдардын бири денесинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ)…
Журналист Нарын Айып акыркы сапарга узатылды
72 жашында акка моюн сунган журналист Нарын Айыпты акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн 15-февралда анын Бишкектеги өз үйүндө өттү. Маркум менен коштошууга бир катар өкмөт мүчөлөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, журналисттер, жакындары жана санаалаштары катышты.
https://www.azattyk.org/a/33315706.html

Аксы алааматын дүйнөгө таанытууда Нарын Айыптын эмгеги зор болду
73 жашында кыргыз журналистикасынын мыктыларынын бири Нарын Айып дүйнө салды. Айтылуу публицист, журналист бир топ жыл "Азаттык" радиосунда иштеген, кыргыз кызматынын редактору болгон. Кайсы жерде иштебесин, ал журналисттик өнөрдүн эреже-талаптарын так сактачу.
Азаттык: Кечки радио эфир | 15.02.2025
- Судьялар кеңеши башкы прокурордун өтүнүчүн карап эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.
- Баткендин чек аралаш аймактарында жыл башынан бери эле аткезчиликтин 50дөй учуру катталды.
- Эки күн мурун акка моюн сунган белгилүү журналист Нарын Айып бүгүн акыркы сапарга узатылды. https://www.youtube.com/watch?v=0IcxCM6gWK4

- Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып аталган мектептин 9-классынын окуучусу Т.И. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") жана…