Warning: Undefined array key 0 in /var/www/tgoop/function.php on line 65

Warning: Trying to access array offset on value of type null in /var/www/tgoop/function.php on line 65
- Telegram Web
Telegram Web
Садыр Жапаров, Илон Масктын “Эркин Европа” (Азаттык) радиосун жабуу пикири боюнча оюн билдирди



Журналист андан Илон Масктын “Эркин Европа” ЖМКсын жабуу пикири (Кыргызстанда Азаттык радиосу) Садыр Жапаровдун буга чейин АКШ бийлигине кайрылып, “акчаны түз эле бизге берсеңер сөз эркиндигин да, демократияны да камсыздап беребиз деген сунушу менен байланыштырган.


Ага президент бул жөн гана дал келүү экенин айтып, бирок жеке пикиринде Масктын бул сунушун колдой турганын айткан.



“Эң туура кылышат. Булардын мындай чечим кабыл алышын мен колдоймун. Анткени эшикте 21-кылым. Кандай маалымат болсо да, дүйнө жүзүнө беш мүнөттө тарайт.
Азыр “Азаттыктын” жаңылыктарына эл муктаж эмес. Элдин баары жаңылыктарды интернет аркылуу алышат.
Анан биздин эл жаңылыктардын баарына эле ишене бербей, талдаганды үйрөндү. Кайсы жаңылык калп, кайсы жаңылык чын экенин аныктай билишет.
Мисалы, “Азаттык” бирөөнүн аброюна шек келтирип, жалган маалымат таратканда, эл талдап баштайт. Анан жалган экени билинип калганда, “Эмнеге мындай жалган маалыматты таратып жатасыңар?” деп сураса, “Кечирип койгулачы” деп кайра сайтынан алып коюшат.
Сотко берип баштаса, “Бизде сөз эркиндиги өлдү” деп дүйнөгө жар салып чыгышат.
Ушул кантип болсун. Жалган маалымат таратуу же жаңылыктар менен манипуляция кылуу бул сөз эркиндигиби?
Ээн ооздук кылууну сөз эркиндиги же адам укугу менен алмаштырып албаш керек. Ошондуктан Трамп менен Масктын чечимдерин колдошубуз керек”,- деген Жапаров.



@kgosho Билип жаша!
Билим берүү жаатындагы башаламандык же Д. Кендирбаеванын өз билемдик саясаты өлкөнүн бул тармагын каякка алып барат?


Билим берүү министирлиги эскертет. Чоң көлөмдөгү тексттерди окуп туруу ошол министрликтин иши менен кенен таанышууга жол ачат 😉

Мамлекеттик кызматтын
ысык-суугуна чыдап, тепкичтеп көтөрүлүп, өлкө кызыкчылыгы үчүн тер төкпөгөн Догдургүл Кендирбаеванын Билим берүү жана илим министри болуп келиши бул тармакты сазга батырчудай болуп калды.

Жалаң гана батыштын гарнттарына жан сактап көнгөн Кендирбаева айымдын андай деле иш билги эместигинен президенттин да кабары бар. Анткени, дал ушул министр айымдын мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоодо кетирген алешемдиктери үчүн ошол кездеги минкаб башчысы Акылбк Жапаров баш болуп президенттен сөгүш алышпады беле.

Эми болсо мамлекеттин карамагына өткөн "Сапат" билим берүү мекемелерин Түркиянын "Маариф" фондуна өткөрүп берип, дагы бир өз билемдигин көрсөттү.

Январь айында эле бул мектептерден 30га чукул мугалим иштен кеткенине тынчсызданган ата-энелер, балдары сабак окубай мугалимдин жоктугунан дене тарбия предмети кирип жатканын айтып тынчызданып чыгышкан. Жакында эле ЖКда депутат Камила Талиева бул маселени көтөрүп, Кендирбаевадан балдарды олимпиадага даярдаган күчтүү мугалимдердин "Сапат" мектептеринен кетип жатканын айтып, абал боюнча маалымат сураган.

Эл өкүлүнүн суроосуна министр айым " Маариф фондуна абалды көзөмөлгө алгыла деп тапшырма берилген жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", деп жооп берген.

Фондго тапшырма берилген?

Башкача айтканда түркиялык фондго жүк артып коюп, алардан көзөмөлдү да талап кылган министрлик анда эмне иш аткарышы керек? Билим берүү саясатын жүргүзүү министрликтин түздөн-түз милдети эмеспи?

Ушул эле аралыкта "Маариф" фондунун жетекчилиги "Сапат" сеттик мектептерин өздөрүнө алууну анчейин деле каалабагандыгын, бирок "жогору жактан" тактап айтканда министрликтен ушундай чечим кабыл алынганын айтканын жергиликтүү басылмалардын бир жазып чыккан.

Фонд жетекчилигинин бул айтканында мандем бардай. Анткени, эбегейсиз каржыны кайсыдыр бир министрдин терең анализденбеген чечимдери үчүн эле корото бергилери келбейт да.

Учурда фонд тапкан акчасын "Сапатка" салып жатканына да ишенсе болчудай. Анткени, алар каржылаган "Марал фм" радиосунда кыскаруулар орун алып, радионун сайты болсо 30-январдан бери иштебей турат.

Гүленге болгон жеке амбициясын мамлекеттик эле эмес, эл аралык деңгээлге алып чыккан Эрдогандын админстрациясы "токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет" саясатын жүргүзүп келери барыбызга маалым.

Ал өзү "кыялданган" түрк дүйнөсүн түзүү максатында “Маариф” сыяктуу фонддорду кысымга алып, алар отчет үчүн иш алып барышы ыктымал.

Бирок, кандай мугалимдер балдарды окутат? Мектеп программалары балдарды кайсыл жака бурат? Келечекте кимдерди даярдап чыгып жатабыз? Бул Кыргызстан үчүн эмне пайда берет? деген суроолорго Кендирбаева жооп бере алар бекен?

Эми 12 жылдык билим берүүгө келсек: Аталган система дүйнөлүк талаптарга жооп берет деген жалгыз слогандын арты менен кирип отурат. Ага кетчү чыгым, иштин эффективдүүлүгү эске алындыбы? Бул боюнча министрлик балыктай үн чыгарбай келет.

Ал эми 12 жылдык билим берүүнүн алкагында Сингапурдан келчү окуу китептери ошол эле АКШнын билим берүү системасына ылайыкташкан окуу куралдары эмеспи.

Батыштын баалуулуктары, көп жыныстуулук, гендердик укук, баланын сексуалдык баалуулуктары деген кыргыз тарбиясына жат келген көрүнүштөргө сиңген окуу китептери биздин балдарды эмнеге үйрөтөт? Эмне үчүн улуттук баалуулуктар эске алынбай келет?
Интернет электен өтпөгөн маалыматтардын булагы болуп турганда, жан дүйнөсү таза балдарыбызды кыргыздын нукура салт-санаасына сугаралы деген мамлекеттик катчы С. Касмамбетовдун мектептерге "улуттук нарк" сабагын киргизүү тууралуу айтканы бар. Эмне үчүн анын бул сунушун министр айым кулак сыртынан кетирди?

Туура.

Анткени, батыштан акча алып алардын кызыкчылыгын алдыга жылдырган Кендирбаевага бул үчүн акча төлөнбөй калат

Дагы бир мисал, бүгүн эле минкаб башчысы Адылбек Касымалиев ЖОЖдордо жана кесиптик окуу жайларда ваучердик каржылоо механизмин киргизүү боюнча токтомго кол коюлганын ЖМКлар жазып чыкты.

Албетте, башатында сынамык иретинде деп айтылат.

Баарыбызга белгилүү болгондой, ваучердик каржылоо бул баланы акча ээрчиген система. Тагырагы жакшы окуган балага мамлекет көбүрөк каражат бөлөт, эгер сиздин чүрпөңүз окууда жакшы бааларды албаса мамлекет анын өнүгүүсүнө кызыкдар эмес деген сөз. Ошондо, "ар бир бала таланттуу, анын талантын ачууда педагогдор чоң роль ойнойт" деген сөз кайда калды? Күндөлүккө коюлган баа менен эле министрлик балдарды сорттоп коебу? Анда кайра эле көп эмес мурда Кендирбаева айым кыйкырып жүргөн адам укугу эмне боду? Бул кош стандарттулук эмей эмне?

Айтор, өлкө кызыкчылыгын өргө тартпаган министр Кендирбаеванын кетирип жаткан бул эле алешемдиктери эмес.




@kgosho Билип жаша!
Атың чыкпаса жер өрттө же УКМКнын сурагы Кайратка популярдуулук алып келдиби?



Социалдык тармактарда өзгөчө искусство адамдары жабалактап Кайрат Пиримбердиевди коргоп жатышат.

Карапайым калк мыйзамга баш ийген, тартиптүү коом болуусун каалаганы менен бардык нерседен шоу жасап ошонусу менен акча таап көнгөн айрымдар Кайраттын жеке укугунун тебеленгенинен тарта өнөр адамдарына карата жасалган кысымга чейин сүрөттөгөндөр бар. Ушундан улам, Кайраттын атайын кызмат тарабынан чакырылып, түшүндүрүү иштеринин жүргүзүлүшү ага тескерисинче популярдуулук алып келдиби? деген суроо жаралат.

Балким УКМК анча деле белгилүү эмес, С Жээнбековдун жердеши болгон үчүн шайлоо алдында дуэт ырдай коюп Эмгек сиңирген артистикке жеткен ырчыны чакырып түшүндүрүп отурбай эле расмий түрдө Казакстандын "Айран" каналына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү же жоопко тартуу боюнча кошуна мамлекеттин тиешелүү ведомстволоруна кайрылуу жолдосо эффективдүүрөк болор беле...?

Улуттук баалуулуктарын алдыга сүрөөгө умтулган саясат жүргүзүп жаткан казак бийлиги ( Токаев ыктаган Батыш мамлекеттеринин тору ар дайым ушинтип башталат эмеспи. Алгач сенин улутуңа, сага күйгөн тарап болуп, түпкү максаттары башка экенин Кыргызстан 20ж мурда эле башынан өткөрүп, азырга чейин кесепетин тартып келет) кантип ушундай тарых тууралуу ой калчаган интернет каналын көрбөй калсын?

Балким, бул алардын атайын чыгарган долбоору болуп жүрбөсүн?


Эмнеси болгон күндө да Кайратты жоопко тартууну искусствого кол салуу катары сыпаттаган кыргыз "атактуулары" элдин келечегин ойлоп, мыйзамга баш ийип жашашса.

Ал эми укук коргоо органдары мыйзам баарына бирдей экенин унутушпаса деген тилек.




@kgosho Билип жаша!
“Эч нерсесин сатып албай эле, алып коебуз”. Трамп Америка Газаны аларын айтты


Ал АКШ салык төлөочүлордүн акчасын коротпой эле Газага ээ болорун билдирди. Трамп аймакка тынчтык орнотуп, туура башкарууга аларын Иорданиянын падышасы Абдалла || менен болгон жолугушуусунда айтканын “РИА Новости” жазды.

Ал Газага армиясын жиберип, керек болсо өзү да барарын кошумчалаган.

ХАМАС Трамптын бул оюн айыптап жатат.

Ал эми Израилдин Тышкы иштер министри Трамптын бул идеясын колдоорун билдирди.




@kgosho Билип жаша!
Кардиохирургиядагы өрттөн улам, эми бейтаптар Медакадемиянын диагностикалык борборунда кабыл алынат


Бишкектеги Кардиохирургия илим изилдөө борборунда жылына 2000 дей, күнүнө 4-5тен операция жасалып келген. Кечээ түнү келип чыккан өрттөн улам эми операциялар Медициналык академиянын диагностикалык борборунда жасалат.

Окуу жай диагностикалык борбордун 5-кабатында операцияга керектүү бардык жабдыктар бар экендигин айтып, кабыл алууга даярдыгын билдирди.


Эске салсак, кечээ кечки саат 21:00 чамасында Кардиохирургия институтунда өрт чыккан. Жалпысынан 260 адам эвакуацияланган, алардын 44 дарыгер, калганы бейтаптар болгон.

Тилекке каршы, аппарат менен дем алып жаткан эки бейтап, бири 1 жаш 7 ай, экинчиси 16 жашта, каза болуп калышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган институтта өрт коопсуздугу боюнча былтыр пландык текшерүү жүрүп, эскертүү берилгенин айтат. Институт ремонт иштери быйылкыга пландалганын белгилейт.


Өрттүн келип чыгышы жана адамдардын өлүмү боюнча тергөө иштери башталды.




@kgosho Билип жаша!
Бишкекте айып пулдардын бир тобу жогорулайт. Мыйзам долбоору сунушталды


✍️ чаржайыт соода кылууга, жол боюна тамак сатуучу жай, соода түйүн мыйзамсыз куруп алгандарга - 5500 сом, юридикалык тараптарга 17 000;
✍️ жолго тиешелүү жерди айдоого, көк шиберге унаа коюуга, бак-дарактарды сындыргандарга, саркынды сууну арыктарга куйгандарга - 10 000, юртараптарга 17 000;
✍️ уруксаты жок жолдорду тешип, оңдоо иштерин жасагандарга - 15 000, юржактарга 45 000;
✍️ жолду булгап, жол жүрүүгө коркунуч жараткандарга - 12 500, юридикалык жактарга 35 000;
✍️ жол белгилерин бузгандарга - 10 000, юридикалык тараптарга 28 000 сом;

Таштанды таштоо маданияты боюнча:


✍️ таштанды жана башка калдыктарды өрттөгөндөргө - 12 500, юридикалык тарапка 35 000;
✍️өндүрүш, курулуш жана медициналык
✍️таштандыларды чаржайыт ыргыткандарга - 10 000, юридикалык тарапка 28 000;
✍️таштанды урналары жок жерге ыргыткандарга - 7500, юридикалык жактарга 23 000;
✍️жашылдандыруу эрежелерин бузгандарга - 5500 сом, юртарапка 17000 сом;

Мындан тышкары мэрия автоунаалардын токтоп туруу эрежелерин бузуу, өтмөктөгү жөө кишиге жол бербөө, унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшүү эрежелери боюнча да айып салууну өзүнө алат. Ага ылайык 1000 сомдон, 3000 сомго чейин айып салынат.




@kgosho Билип жаша!
Путин менен Трамп 1,5 саат маектешти. Эмне тууралуу кеп болду?


12-февралда Россия президенти В.Путин менен Америка президенти Д.Трамп телефон аркылуу сүйлошүшкөнү белгилүү болду.

Негизги талкууланган маселелер:

❗️Жакынкы Чыгыштагы абал;
❗️Ирандын ядердик программасы;
❗️РФ менен АКШ жарандарын алмашуу;
❗️Эки өлконүн экономика жаатындагы алакасы;
❗️Келечектеги байланыштар, жолугушуулар;

Ошондой эле, Путин америкалык чиновниктерди, анын ичинде Украина темасы боюнча да кабыл алууга даяр экенин айтып, Америка президентин Россияга чакырган.

Өз кезегинде Трамп Америка бардык келишимдерди аткарарын билдирген.

Ал мамкатчысына, ЦРУнун башчысына, коопсуздук боюнча кеңешчисине, Украина боюнча атайын өкүлү Стив Уиткоффко сүйлөшүү процесстерин баштоого даярдык көрүү тапшырмасын берген.

Алардын маектешүүсү 1,5 саатка созулган.


Бул аралыкта Европа аткаминерлери Трамп, Путин менен телефон аркылуу сүйлөшөрүн алдын-ала кабарлап койбогонуна таң калып, аны “саткын” деп аташты.

Алар Украинадагы абалды жөнгө салууну Трамп, Россия лидери менен Европасыз талкуулоосун Зеленскийден угушканына нааразы.





@kgosho Билип жаша!
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бул өрт чыккан Кардиохирургия борбору


Минкаб Бишкектеги 11-февралда өрт чыккан Кардиохирургия илимий борборунун кырсыктан кийинки абалын көрсөттү.

Эске салсак, өрт жер төлөдөн чыгып, түтүн жогорку кабаттарга көтөрүлгөн. 260 адам эвакуацияланып, 2 бала чарчап калган.



@kgosho Билип жаша!
С.Жапаров Салык кодексин өзгөрткөн мыйзамга кол койду.Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын 8 кодексин жана 7 мыйзамын өзгөртот.


📌Жеке адамдар үчүн жалпы декларацияны жокко чыгаруу.

📌Таксисттер жана курьерлер үчүн киреше салыгынын ставкасын 1 пайыз өлчөмүндө белгилөө.
📌«Нөлдүк» отчетторду жокко чыгаруу.
📌Макулатураны жана металл сыныктарын сатууда киреше салыгынан бошотуу.
Мурда 10% болчу.
📌Айыл чарба продукциясын сатууда чекене соода түйүндөрүнүн жеңилдиктери.
📌Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн бонустук жеңилдиктер.
📌Кыргыз Республикасында чогултулган же чыгарылган транспорт каражаттарынын ээлерин алгачкы каттоо үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.

✍️Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр:

📌Башка адамга катталган төлөм системаларын пайдалануу боюнча административдик чаралар.
Эгерде жеке ишкер же юридикалык жак башка бирөөгө катталган төлөм системалары аркылуу товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү кабыл алса, эми мындай аракеттер үчүн айыптар каралат:
📌биринчи бузуу үчүн - эскертүү,
📌кайталап бузуу үчүн:
жеке жактарга – 20 000 сом,
юридикалык жактарга – 65 000 сом.

📌Акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалар менен акциздик товарларды жүгүртүүгө айыптар көбөйөт.

✍️”Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негизги өзгөртүүлөр:
📌2025-жылдын 1-июлуна чейин курулуш компаниялары бирдиктүү салыкка өтүшү керек.

Салык төлөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары да белгиленген:
📌6% - накталай төлөмдөр үчүн,
📌4% - накталай эмес төлөмдөр үчүн.

📌Автотранспорт каражаттарын реэкспорттук операциялар боюнча жеке жактардын салык карыздарын эсептен чыгаруу.
Жеке жактар (жеке ишкерлерди кошпогондо) 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алган кирешелери боюнча салыктык карыздардан, анын ичинде пайыздарды жана туумдарды төлөөдөн, бир жылдан аз убакытка ээлик кылган автотранспорт каражаттарын алып келүүдөн жана сатуудан бошотулат.

📌Баштапкы эсеп-кысап документтери жок калган товарларды легалдаштыруу.
Салык төлөөчүлөр 2025-жылдын 1-апрелине чейин салык органынын маалыматтык системасына алар жөнүндө маалыматтарды киргизсе, баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.

Бул товарларга аталган эреже каралбайт:
📌алкоголдук ичимдиктер, тамеки буюмдар, дары-дармектер, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар;
📌мунай жана мунай продуктулары (2710197100-2710199800 HS коддору боюнча майлоочу майлардан тышкары);
📌салык кызматынын чечимдери же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар товарлар.


Бул мыйзам айрым жоболорду кошпогондо 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.




@kgosho Билип жаша!
Бишкекте окуучу курман болгон 72-мектептин жамааты толук иштен кетти. Бул тууралуу министр Кендирбаева билдирди




Соңку жылдары өлкөдө мектеп рэкетчилиги күчөдү. Соцтармактарда улам-улам балдарды коркутуп же ур - тепкиге алган видеолор тарап жатат.

Акыркы күндөрү эле Бишкек шаарынын 72- мектебиндеги окуя, Кара-Суу районундагы 39-мектептеги окуучулардын өлүмү менен аяктаган окуялар элдин жүрөк үшүн алууда.

Бүгүн болсо министр Д. Кендирбаева борбор калаадагы мектептин жамаатын бүтүндөй иштен кетиргенин, Кара-Сууда болсо директор, тарбия иштери менен алектенген орун басары баш болуп класс жетекчилери иштен кеткенин айтты.

Министр айым бирок ушул жылдын январь айында болгон Кант шаарындагы мектептеги рэкетчиликтин курмандыгы Дмитрий Чернявский тууралуу “чара көрүлөт” деп гана койгону болбосо, конкреттүү эч нерсе айткан жок.


Өмүр бою бейөкмөт уюмдарда иштеген Кендирбаевага, учурунда элди экиге болүп жарып, улут баалуулуктарына шек келтирген долбоорлордун анабашында турганы, азыр да мамлекеттик кызматына терс таасирин тийгизүүдө.

Болбосо, эмне үчүн бардык мектептерге тең мамиле жасабайт? Эмне үчүн славян улутундагы бала каза болгон мектептеги окуяга суз мамилесин көрсөтүп, өлкөнүн эл аралык алакасына көлөкө жабат? Бул жерде көп улуттуу кыргызстандыктарда же бир мектепте күнөө эмес, дал ушул өз тармагынын саясатын мамлекеттин саясаты менен шайкеш жүргүзө албаган министрде.

Ага эч ким “славян баласы каза болгон үчүн солгун иш алып бар” деген тапшырма берген жок да. Ал озүнүн бул жеке амбициясы менен бүтүндөй Кыргызстандын элине, анын бийлигине көө жаап жатпайбы.


Ата-энелер буга чейин балдарын аскерге жибергиси келбесе, эми мектепке да жибергенден коркуп калышты. Балдарыбызды өлүмго дуушар кылып коюп, маселени чече албаган соң бул айым эмнеге бул кызматта дале отурат, деген суроо жаралат.

Д.Кендирбаеванын учурундагыдай болуп, мектеп рэкетчилиги бир дагы министрдин заманында “өнүккөн” эмес.
Кендирбаева педагог болууну үйрөнгөнгө чейин дагы канча окуучубуз каза болушу керек?


Мугалимдерге убагында ноутбук алынбай калганын байкаган президент С. Жапаров мамлекеттин башкы мугалиминин бул алешемдиктерин да байкайт деп үмүт кылалы.




@kgosho Билип жаша!
Депутат Кубанычбек Самаков мыйзамсыз жерде токтогон автоунааларды эваукациялоонун башка ыкмасын сунуштады


Эл өкүлү мыйзамсыз жерде токтоп турган автомашиналарды эваукациялап убара болбой эле, Жол кайгуулчуларын сүроткө тартып кетип, айып пул салууну сунуштады.


Дагы бир депутат Дастан Бекешов да эваукациялоо ынгайсыз ыкма экенин айтып, бир автоунааны жүктөп кайра келгенче, жанында токтоп турган башка унаалар качып кетерин белгиледи.



Сүротко тартап айып пул салууга сиз кандай карайсыз?




@kgosho Билип жаша!
Эгер 9-майда Д. Трамп Москвага келсе В. Путин кубанычта болот, - деди пресс катчысы Д. Песков

Эске салсак, быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленет. Ага Кытай президенти баш болгон бир топ мурдагы СССР курамындагы жана өнөктөш өлколөрдүн лидерлери катышуусу күтүлүудө.



@kgosho Билип жаша!
2024-жылга салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү башталды. Кимдер ташпшырышы керек?


2025-жылдын 1-апрелине чейин, декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү
:

— ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);

— туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;

— мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер.


2025-жылдын 1-майына чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

— жеке ишкерлер;

— патенттин негизинде же өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар;

— чет мамлекеттин аймагында турган эл аралык уюмда, дипломатиялык жана консулдук мекемеде иштеген КРнын жараны;

— салык салынуучу киреше алган жана киреше салыгы боюнча милдеттенмеси бар жеке жак.

Бул тармакта эмгектенгендер салыктык декларация тапшыруудан бошотулду:

— окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, илимий-изилдөө жана чыгармачылык менен алектенген кызматкерлер;

— жеке жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдардын кызматкерлери;

— пенсионерлер, студенттер жана башка категориядагы жарандар.





@kgosho Билип жаша!
Баткенде 2 мектеп окуучусу жаңжалдашып, бири экинчисине бычак урган



8-февралда 17 жаштагы М. Ч жана 18 жаштагы А. Д аттуу өспүрүмдөр урушуп, А. Д аттуу өспүрүм биринчисин көкүрөккө ашкана бычагы урган.

Баткен шаардык милициясынын маалыматына караганда жабыркаган бала оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.


Балдар 9-класска чейин өздөрү окуган мектепте жаңжалдашышкан. Бирок алар учурда аталган мектепте окушпайт. Алардын чыры 8-февралга караган түнү чыгып, анда балдар үйлөрүнө тарап кетишкен.

Бирок таң эрте 6:00 да кайрадан жолугуп бири, экинчисин бычактап салган.


Бул окуя боюнча “Ден соолукка оор залал келтирүү”, 130-берене аркылуу кылмыш иши козголду.




@kgosho Билип жаша!
❗️Абайлаңыз! Интернет алдамчылыгынын жаңы түрү пайда болгонун Салык кызматы эскертет.


Алдамчылар түрдүү мессенджерлер аркылуу кыргызстандыктарга салык мыйзамын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопко тартабыз деп коркуткан электрондук каттарды жөнөтүп жатканын билдирди.

Алдамчылар салыктын кайсы бир түрүнүн төлөнбөй калганын айтып, айып пул менен коркутуп күмөндүү шилтемелерди жиберет. Ал шилтемелерде салык жөнүндө жазылган маалымат бар экени айтылат.

Буга ишенбеңиздер жана шилтемеге кирбеңиздер.

Салык кызматы мындай алдамчылыктан коргонуунун төмөндөгүдөй жолдорун сунуштайт:

❗️жөнөтүүчүнү текшерип, шектүү каттарды ачпаңыз;
❗️электрондук каттардагы шилтемелерди баспаңыз – расмий эскертмелерде төлөм шилтемелери жок;
❗️маалыматты Салык кызматынын расмий сайты жана салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу текшериңиз;
❗️Белгисиз эсептерге акча которбоңуз – бардык төлөмдөр расмий салык кызматтары жана банктар аркылуу гана жүргүзүлүшү керек.


❗️Салык кызматынын кызматкерлерибиз деген адамдардан шектүү билдирүүлөр келип түшкөн учурда, тез арада укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.




@kgosho Билип жаша!
Эми ар бир мектепте милиция кызматкери болот



Өлкөдө соңку күндөрү мектеп окуучуларынын арасында рэкетчилик күч алып, балдардын өмүрү менен кош айтышкан учурлары катталууда. Абалды жөнгө сала албаган Билим берүү министрлиги ИИМден жардам сурады.

Эми балдар менен иштеген инспекторлордун штаты көбөйтүлүп, ар бир мектепте милиция кызматкерлеринин кабинеттери ачылат.

Мындан сырткары мектептерде “коопсуз баскычтар” пайда болуп, видео көзөмөлдөр көбөйтүлөт.


Ооба, сиздер байкагандай эле кайрадан эле салык төлөөчүлөрдүн чөнтөгүнөн каражат кеткен схема иштелип чыкты. Ал эми Билим берүү министринин жоопкерчилиги, иш билгилиги тууралуу качан сөз болот?




@kgosho Билип жаша!
Жумгалда окуучулар мушташып, бирөөсү бычак жеп оорукагага түштү


Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында 14- февралга караган түнү 10-класстын балдары мушташып, бири колу, бутуна бычактан жаракат алып ооруканага түшкөн.

Мектеп директору окуя түн ичинде, мектептен сырткаркы аймакта болгонун кабарлаган.

Нарын милициясы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.



@kgosho Билип жаша!
WhatsApp мессенджеринде миллиондогон адамдардын коопсуздугуна коркунуч жаралууда.



WhatsAppтын компьютер тыңчыларынын торуга салып берчү чабалдыгы аныкталды.
Бул миллиондогон колдонуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп маалымдайт The Guardian.

WhatsApp мессенджеринин өкызматкерлери 100 дөй журналист жана коомчулук өкүлдорү Израилдик Graphite программасынын курмандыгы болгонун басылмага айтып беришкен.


Аталган программанын кооптуулугу ушунда. Ал WhatsApp ээсинен эч кандай аракетти талап кылбайт. Тагырагы кандайдыр бир тиркеме көчүрүп же шилтемеге кирүүнүн кажети жок. Болгону группаларга келген PDF-файлдар аркылуу смартфонго орнотулат да, хакерлер ошол телефонду бүтүндөй башкарууга ала алышат. Бул жашырылган билдирүүлөргө чейин ачып окууга мүмкүнчүлүк берет.



“Туугандар, аяштар, шеринелештер” аттуу грурпаларды эми бул платформадан түзөлү достор 😉





@kgosho Билип жаша!
2025/02/16 09:29:26
Back to Top
HTML Embed Code: