tgoop.com/Azattyk_radiosu/11788
Last Update:
MCN Coin иши: эки адам алдамчылыкка шек саналып камалды
Кыргызстанда MCN Coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналган эки адам камалды. Бул маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук сотунан “Азаттыкка” ырасташты. Ага ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен кылмышка шектүүлөрдүн бөгөт чарасы 7-февралда каралып, 5-апрелге чейин тергөө абагында калтырылды.
Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбеков кармалганы маалым болгон. Улуттук телеканалда анын колдору кишенделген абалдагы видеосу жарыяланган жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгени, сурак берип жатканы айтылган.
Субанбеков анда “MCN сoin менен иштегенине бир жыл болгонун, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана кечирим сураган.
@azattyk_radiosu
BY «Азаттык» радиосу
Share with your friend now:
tgoop.com/Azattyk_radiosu/11788