AZATTYK_RADIOSU Telegram 11809
Улуттук кардиохирургия институтундагы өрттөн эки бала каза болуп, 9 адам жабыркады

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттөн каза болгондор жана башка ооруканага которулган бейтаптар тууралуу комментарий берди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан 1 жаш 7 айлык бала жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапты. Андан тышкары 9 адам жабыркап, иске ууланып ооруканага жаткырылды.

11-февралдын кечинде өрт чыккан учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жалпы 104 адам болгон. Алардын ичинен 50 бейтап (19у балдар), аларды карап жаткан 32 адам жана 22 медициналык кызматкер болгон.

12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, эки бейтап Улуттук госпиталга, 15 бейтап Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. 19 адам үйлөрүнө дарыланууга коё берилди.

@azattyk_radiosu

tgoop.com/Azattyk_radiosu/11809
Create:
Last Update:

BY «Азаттык» радиосу

Share with your friend now:
tgoop.com/Azattyk_radiosu/11809

View MORE
Open in Telegram

Telegram News

Date: |

How to Create a Private or Public Channel on Telegram? How to Create a Private or Public Channel on Telegram? Telegram users themselves will be able to flag and report potentially false content. Telegram iOS app: In the “Chats” tab, click the new message icon in the right upper corner. Select “New Channel.” Add the logo from your device. Adjust the visible area of your image. Congratulations! Now your Telegram channel has a face Click “Save”.!
from us

Telegram «Азаттык» радиосу
FROM American