AZATTYK_RADIOSU Telegram 11816
Мектептеги токмоктон каза болгону айтылган окуучунун өлүмү иликтенүүдө

Каза болгон өспүрүмдүн жакындары ал мектепте сабалып, ошонун жыйынтыгында каза болгонун айтышууда. Милиция бул боюнча тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.

10-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, 2010-жылы туулган уулу мектептин дааратканасында сабалып, көз жумганын билдирген. Бул тууралуу аталган райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

"Жаран арызында 21-январь күнү, 2010-жылы туулган А.А. аттуу уулуна (Бишкектеги) №72 орто мектептин дааратканасынан Т.И., С. Б., К. Б. аттуу окуучулар денесине жаракат келтиришкенин жана анын кесепетинен уулу эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана 4-февраль күнү ооруканада каза болгондугун билдирген", - деп жазылган маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, иштин жагдайлары териштирилүүдө.

Ленин райондук милициясы өспүрүмдүн ата-энесинин арызы дыкат каралып, ар тараптуу териштирүү жүргүзүлөрүн кабарлады. №72 орто мектепке бекитилген кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Бир нече күн мурун соцтармакта мектеп окуучулары дааратканада бир окуучуну көптөп тепкилеп-сабап жатканы тартылган тасма тараган. Көп өтпөй айрым маалымат каражаттары дааратканада сабалган окуучу ооруканада көз жумганын, баланын ата-энеси бул тууралуу мектептин жетекчилиги да, милиция да эч кандай маалымат бербегенине нааразылыгын билдиргенин жазышкан.

Билим берүү жана илим министрлиги да, Ички иштер министрлиги да бул тасманын аталган окуяга тиешеси бар-жогу тууралуу маалымат бере элек.

Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң, суицидге барган балдардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн. https://www.azattyk.org/a/33312309.html

tgoop.com/Azattyk_radiosu/11816
Create:
Last Update:

BY «Азаттык» радиосу

Share with your friend now:
tgoop.com/Azattyk_radiosu/11816

View MORE
Open in Telegram

Telegram News

Date: |

Telegram message that reads: "Bear Market Screaming Therapy Group. You are only allowed to send screaming voice notes. Everything else = BAN. Text pics, videos, stickers, gif = BAN. Anything other than screaming = BAN. You think you are smart = BAN. With Bitcoin down 30% in the past week, some crypto traders have taken to Telegram to “voice” their feelings. How to Create a Private or Public Channel on Telegram? In the next window, choose the type of your channel. If you want your channel to be public, you need to develop a link for it. In the screenshot below, it’s ”/catmarketing.” If your selected link is unavailable, you’ll need to suggest another option. Invite up to 200 users from your contacts to join your channel
from us

Telegram «Азаттык» радиосу
FROM American