AZATTYK_RADIOSU Telegram 11823
Кендирбаева окуучулары каза болгон эки мектептин жетекчилиги кызматтан алынганын айтты

8-класстын окуучусунун өлүмүнөн кийин Бишкектеги №72 мектептин жетекчилиги толугу менен кызматтан четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Министр 9-класстагы окуучунун өлүмүнөн соң Кара-Суудагы №39 мектептин жетекчиси баш болгон жети мугалим кызматтан кетирилгенин кошумчалады.
"Бишкекте 106 мектеп видео көзөмөл менен жабдылган. Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлорунун санын көбөйтүп, мектептерди психолог менен камсыздоо да зарыл", - деди Кендирбаева.

Бишкекте каза тапкан баланын ата-энеси анын өлүмүнө дааратканада башка балдардын ур-токмокко алганы себеп болгонун айтууда. Мектеп мугалимдери бала дааратканада кулап түшүп, жуунмага башы менен тийгенин билдиришкен. Окуучу 4-февралда ооруканада көз жумган.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Би шкектеги №72 мектепте окуучунун өлүмүнө байланыштуу “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон жана өлүмдүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Бул мектепке бекитилген милиция кызматкеринин ишине да укуктук баа берилери кабарланган.

13-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш ишин козгогон. Милициянын маалыматына ылайык, 12-февралда Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. https://www.azattyk.org/a/33313482.html

tgoop.com/Azattyk_radiosu/11823
Create:
Last Update:

BY «Азаттык» радиосу

Share with your friend now:
tgoop.com/Azattyk_radiosu/11823

View MORE
Open in Telegram

Telegram News

Date: |

Private channels are only accessible to subscribers and don’t appear in public searches. To join a private channel, you need to receive a link from the owner (administrator). A private channel is an excellent solution for companies and teams. You can also use this type of channel to write down personal notes, reflections, etc. By the way, you can make your private channel public at any moment. Earlier, crypto enthusiasts had created a self-described “meme app” dubbed “gm” app wherein users would greet each other with “gm” or “good morning” messages. However, in September 2021, the gm app was down after a hacker reportedly gained access to the user data. A vandalised bank during the 2019 protest. File photo: May James/HKFP. Telegram is a leading cloud-based instant messages platform. It became popular in recent years for its privacy, speed, voice and video quality, and other unmatched features over its main competitor Whatsapp. On Tuesday, some local media outlets included Sing Tao Daily cited sources as saying the Hong Kong government was considering restricting access to Telegram. Privacy Commissioner for Personal Data Ada Chung told to the Legislative Council on Monday that government officials, police and lawmakers remain the targets of “doxxing” despite a privacy law amendment last year that criminalised the malicious disclosure of personal information.
from us

Telegram «Азаттык» радиосу
FROM American