POGRANKG Telegram 1466
Арка-2 айылындагы окуя

Кыргыз Республикасынын УКМКнын чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында 2025-жылдын 5-январында турмуш-тиричилик мүнөздөгү жарылуу болгондугун маалымдайт.

Жарылуудан улам бир үй-бүлөнүн эки мүчөсү: А.Н. аттуу аял жана анын өспүрүм кызы жабыркаган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жарылуунун себеби А.Н. аттуу жаран эски курулуш материалдарынын арасынан тапкан аныкталбаган жарылгыч зат (снаряд) болгон.

2022-жылы А.Н.дын үйү ок атуунун кесепетинен өрттөнүп кеткен.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, үй ээси бастырманын астындагы эски курулуш материалдары менен темир буюмдарды жыйнап жатып, белгисиз жарылгыч зат (снаряд) таап алып ал жарылып кеткен. Жарылуунун жыйынтыгында Н.А. жана андан алыс эмес турган12 жашар кызы жаракат алышкан.

Учурда жабыркагандар ооруканада, аларга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлдү.

Алардын акыбалы туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Жарылуу болгон жерди Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын инженерлери дароо курчоого алышкан.
Окуя болгон жерде бардык жагдайды аныктоо үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери комплекстүү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, тажик тарап болгон окуя тууралуу кабардар болду.

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматы чек ара аймактарынын тургундарын сак болууга жана шектүү буюмдар табылган учурда аларга тийбөөгө, алар тууралуу дароо чек ара тарамдарына же укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат.

tgoop.com/pogrankg/1466
Create:
Last Update:

BY Пограничная служба ГКНБ КР

Share with your friend now:
tgoop.com/pogrankg/1466

View MORE
Open in Telegram

Telegram News

Date: |

The SUCK Channel on Telegram, with a message saying some content has been removed by the police. Photo: Telegram screenshot. The court said the defendant had also incited people to commit public nuisance, with messages calling on them to take part in rallies and demonstrations including at Hong Kong International Airport, to block roads and to paralyse the public transportation system. Various forms of protest promoted on the messaging platform included general strikes, lunchtime protests and silent sit-ins. Members can post their voice notes of themselves screaming. Interestingly, the group doesn’t allow to post anything else which might lead to an instant ban. As of now, there are more than 330 members in the group. 4How to customize a Telegram channel? During a meeting with the president of the Supreme Electoral Court (TSE) on June 6, Telegram's Vice President Ilya Perekopsky announced the initiatives. According to the executive, Brazil is the first country in the world where Telegram is introducing the features, which could be expanded to other countries facing threats to democracy through the dissemination of false content.
from us

Telegram Пограничная служба ГКНБ КР
FROM American