KR_PRESIDENT Telegram 24995
Президент Садыр Жапаров Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини «Достук» ордени менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 27-июнда Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-венгер мамилелерин эки тараптуу өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, стратегиялык өнөктөштүк, соода-экономикалык, гуманитардык тармактагы кызматташтык ж.б. талкууланды.

Эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө, ошондой эле гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде билим берүү демилгелери чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүүгө басым жасалды.

Мамлекет башчысы 2023-жылдын февраль айында стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналаарын жана Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча бирдиктүү милдеттенмени айгинелеп турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Венгриянын элчиси Шандор Дорогиге кыргыз-венгер мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымы жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоодо көрсөткөн жогорку кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы - «Достук» орденин тапшырды.

Өз кезегинде Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги мамлекет башчыга кыргыз-венгер кызматташтыгынын үч негизги багыты – экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири айтып берди.

Соңунда ал Президент Садыр Жапаровго Венгриянын Бишкектеги дипломатиялык миссиясынын башчысы катары ишмердүүлүгүн жогору баалаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

tgoop.com/KR_President/24995
Create:
Last Update:

BY КР Президенти

Share with your friend now:
tgoop.com/KR_President/24995

View MORE
Open in Telegram

Telegram News

Date: |

How to Create a Private or Public Channel on Telegram? Each account can create up to 10 public channels The public channel had more than 109,000 subscribers, Judge Hui said. Ng had the power to remove or amend the messages in the channel, but he “allowed them to exist.” A few years ago, you had to use a special bot to run a poll on Telegram. Now you can easily do that yourself in two clicks. Hit the Menu icon and select “Create Poll.” Write your question and add up to 10 options. Running polls is a powerful strategy for getting feedback from your audience. If you’re considering the possibility of modifying your channel in any way, be sure to ask your subscribers’ opinions first. A vandalised bank during the 2019 protest. File photo: May James/HKFP.
from us

Telegram КР Президенти
FROM American