tgoop.com/KR_President/25021
Last Update:
Кыргызстан менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Бул Мыйзам 2024-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам 2023-жылдын 5-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну четтетүү жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыккан.
Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Нидерланддар Королдугунун ортосундагы салык салуу чөйрөсүндөгү өз ара мамилелерин жөнгө салууну карайт.
**********
Ратифицировано Соглашение между Кыргызстаном и Нидерландами об устранении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов
Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров подписал Закон Кыргызской Республики «О ратификации Соглашения между Кыргызской Республикой и Королевством Нидерландов об устранении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов, подписанного 5 декабря 2023 года в городе Бишкек».
Данный Закон принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики 22 мая 2024 года.
Закон разработан в целях выполнения внутригосударственных процедур по вступлению в силу Соглашения между Кыргызской Республикой и Королевством Нидерландов об устранении двойного налогообложения в отношении налогов на доходы и предотвращении уклонения от уплаты налогов, подписанного 5 декабря 2023 года в городе Бишкек.
Соглашение предусматривает регулирование взаимоотношений Кыргызской Республикой с Королевством Нидерландов в области налогообложения.
BY КР Президенти
Share with your friend now:
tgoop.com/KR_President/25021