KR_PRESIDENT Telegram 30587
Некролог- Нурпаис Жаркынбаев

Кыргыз эли, улуттук адабият орду толгус жана оор жоготууга учурады. 2025-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жашында дүйнөдөн кайтты.

Нурпаис Жаркынбаев 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология
факультетине тапшырып, окуу жайды аяктаары менен “Ленинчил жаш” гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары болуп көп жыл эмгектенген.

1973–1975-жылдары Москвадагы Жогорку партиялык мектепте
журналистика факультетин аяктаган.1975–1986-жылдары “Кыргызстан коммунисти” журналынын илим жана маданият бөлүмүнүн редактору, 1995-жылдан тартып республикалык “Советтик Кыргызстан” гезитинде адабият жана көркөм өнөр бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.

Нурпаис Жаркынбаев 1966-жылдан тартып СССР Жазуучулар
союзунун, 1982-жылдан тартып Журналисттер союзунун мүчөсү. Көп жылдар бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп келген.

Ал “Жаштык жазы” (1966), “Өмүрлөр тоодон башталат”
(1970), “Чабалекей” (1972), “Жүрөк тартуулары” (1974), “Түндө кимдер уктабайт”(1976), “Бешик ыргагы” (1979), “Мезгил бийиги” (1984), “Азаматсың жылкычы” (1985), “Кыргыз көчү” (1987), “Таңкы торгой” (1989), “Бүчүрлөр жарылганда”(2001), “Кыргыз көчү: Поэмалар” (2007) ж.б. чыгармалардын автору.

Н. Жаркынбаевдин чыгармалары казак, каракалпак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулган. Ал О.Сулейменовдун, Е. Евтушенконун, Э. Межелайтистин, А. Феттин, Ф. Тютчевдин, В.Маяковскийдин, А. Пушкиндин ырларын кыргыз тилине которгон.

Нурпаис Жаркынбаевдин адабият, маданият жана басма сөз
тармагындагы эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланган жана бир катар жогорку сыйлыктар менен белгиленген: Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, В.И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн” юбилейлик медалы менен сыйланган. Н. Жаркынбаевге Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994),
Кыргыз Республикасынын эл акыны (2018) ардактуу наамдары ыйгарылган.

Нурпаис Жаркынбаевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына
терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н. Тургунбек уулу, А.А. Касымалиев,
С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, Н.Ө. Сыдыгалиев, М.К. Мамбеталиев, М. Самыйкожо, Ч. Эсенгул уулу, А.Н. Шыкмаматов, К.К. Иманалиев, Т.С. Самидинов, К.Ж.Жусупов, Ө.Д. Даникеев, Т.М. Мамеев, С.Ж. Жетимишов, К.Ж. Жусубалиев, А.Ж. Жакшылыков, Ш.Д. Дүйшеев, А.Р. Рыскулов, Н.А. Алымбеков, М.М. Мамазаирова, С.А. Акматбекова, Т.З. Закирова, А.Ө.Өмүрканов, К.Б. Бакиров, М.А. Ааматов, Т.Т. Казаков, Ж.О. Кулмамбетов, Н.Ө. Калыбеков ж.б.

tgoop.com/KR_President/30587
Create:
Last Update:

BY КР Президенти

Share with your friend now:
tgoop.com/KR_President/30587

View MORE
Open in Telegram

Telegram News

Date: |

With the administration mulling over limiting access to doxxing groups, a prominent Telegram doxxing group apparently went on a "revenge spree." It’s yet another bloodbath on Satoshi Street. As of press time, Bitcoin (BTC) and the broader cryptocurrency market have corrected another 10 percent amid a massive sell-off. Ethereum (EHT) is down a staggering 15 percent moving close to $1,000, down more than 42 percent on the weekly chart. Telegram channels fall into two types: Commenting about the court's concerns about the spread of false information related to the elections, Minister Fachin noted Brazil is "facing circumstances that could put Brazil's democracy at risk." During the meeting, the information technology secretary at the TSE, Julio Valente, put forward a list of requests the court believes will disinformation. Polls
from us

Telegram КР Президенти
FROM American