KR_PRESIDENT Telegram 30604
Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти СадырЖапаров бүгүн, 26-февралда, Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Түркмөнстандын
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык
байланыштарды, ошондой эле энергетика жана транспорттук логистика тармагындагы өзара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого умтулгандыгын баса белгилеп,
Түркмөнстандан Кыргызстанга энергия булактарын жеткирүү боюнча маселелерди чечкендиги үчүн түркмөн тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Президент өлкөлөр ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгилеп, өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелердеги оң динамикага басым жасады.

Садыр Жапаров чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн көп тараптуу платформалардын алкагында өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов Мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Министр Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Түркмөнстанга болгон биринчи мамлекеттик сапары Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий, соода-экономикалык,
маданий-гуманитардык жана башка тармактарда өнөктөштүк өз ара аракеттенүүнүн потенциалын мындан ары жогорулатууга байланыштуу стратегиялык маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүн болгон кеңири багыттар боюнча Кыргыз-түркмөн кызматташтыгын илгерилетүү процессиндеги маанилүү этап болгонун белгилеп өттү.

Рашид Мередов Түркмөнстандын кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын баса белгилеп, биргелешкен аракеттер эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болоорун айтты.

Жолугушуунун аягында Президент Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелери мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн бекем
пайдубалында өнүгө берерине ишеним билдирди.

tgoop.com/KR_President/30604
Create:
Last Update:

BY КР Президенти

Share with your friend now:
tgoop.com/KR_President/30604

View MORE
Open in Telegram

Telegram News

Date: |

The best encrypted messaging apps A new window will come up. Enter your channel name and bio. (See the character limits above.) Click “Create.” As the broader market downturn continues, yelling online has become the crypto trader’s latest coping mechanism after the rise of Goblintown Ethereum NFTs at the end of May and beginning of June, where holders made incoherent groaning sounds and role-played as urine-loving goblin creatures in late-night Twitter Spaces. Choose quality over quantity. Remember that one high-quality post is better than five short publications of questionable value. The imprisonment came as Telegram said it was "surprised" by claims that privacy commissioner Ada Chung Lai-ling is seeking to block the messaging app due to doxxing content targeting police and politicians.
from us

Telegram КР Президенти
FROM American