tgoop.com/KR_President/30619
Last Update:
“2025–2030-жылдары Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров колкойгон Жарлыкка ылайык, жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын натыйжалуу иштешин жогорулатуу, алдын алууиш-чараларын өз убагында жүргүзүү жана мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга чара
көрүү даярдыгын камсыз кылуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдыкзыянды төмөндөтүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 7, 21-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) ар жылдык бюджеттердин долбоорлорун даярдоодо
калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө чыгымдарды каржылоону карасын;
2) сел, суу ташкындарын өткөрүү үчүн объекттерди жана курулмаларды масштабдуу инвентаризациялоонун негизинде калктуу конуштарды жана алардын инфраструктурасын коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырсын, сел коркунучу бар участоктордо суу өткөрүүчү жана суу багыттоочу курулмаларды долбоорлоонун, куруунун ченемдерин кайра карасын;
3) авария жана катастрофа шарттарында иштөө үчүн отун энергетикалык комплекстин объекттеринде авариялык жана адистештирилген бөлүмдөрдү персонал менен камсыз кылуу ченемдерин кайра карасын;
4) өнөр жайдын кооптуу объекттеринин жана гидротехникалык курулмалардын техносфералык коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү системасын түзсүн;
5) суу ташкындарын жана сел процесстерин, жээктердин эрозиясын жана жерлердин деградациясын азайтуу үчүнтоо этектериндеги жашыл токой бактарына, дарыялардын жайылмаларында агротокой
чарбасына узак мөөнөттүү инвестициялоону камсыз кылсын;
6) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизсин;
7) өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө алдын ала даярдык көрүү боюнча алдын алуучу чаралардын комплексин көрсүн;
8) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары боюнча жаңы курулуш ченемдерин
жана эрежелерин иштеп чыксын жана бекитсин, шаарлардын башкы пландарынын, жертитирөөгө туруктуу курулуштун курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына талаптагыдай көзөмөлдү жана контролду камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) жыл сайын өзгөчө кырдаалдарды алдыналууга жана жоюуга фонддун жылдык бюджетинен 3 %дан кем эмес (8 %га чейинки чекте) карасын;
2) жаз-жай мезгилинде суу ташкындарын жана сел сууларын жыл сайын коопсуз өткөрүүнү, Жарандык коргонуу жаатындагы
жазма буйруктарды милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинети үч айдын ичинде бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
BY КР Президенти
Share with your friend now:
tgoop.com/KR_President/30619