tgoop.com/Kramov_Abat/1958
Last Update:
БОЛМОКМУН ИЗДЕП ЖҮРҮП СЕНИН ТЕҢИҢ
Мен сени Күнүм дедим жарык чачкан,
Жылынып таптуу ысык илебиңе.
Нуруңа жүзүм чайып, дил агартып,
Жайгашып аалам баткан жүрөгүңө.
Мен сени Асман дедим тунук, чексиз,
Баарына тээ үстүртөн күбө болгон.
А өзүм, ак жылдызмын араң күйүп,
Жөлөнүп, көөдөнүңө башын койгон.
Мен сени Тагдыр дедим, сыноосу күч,
Азабы жыргалынан ашып түшкөн.
Сыйкырың байлап турса тап жылдырбай,
Тушалып, бар мээримди сенден күткөн.
Мен сени деңиз дедим чалкып жаткан,
Толкуну жээкке серпип, кайра тарткан.
Тереңи чексиз экен эсеби жок,
Миң сырдуу сүйүү, каары баары баткан.
Мен сени барым дедим, жогум дедим,
Айкөлүм, даанышманым чексиз чениң.
Жаралсам экинчи ирет бул өмүргө,
Болмокмун издеп жүрүп сенин теңиң.
Кундузбү Маматова
Куку
26.08.2021.
BY Абатбай КРАМОВ ✍
Share with your friend now:
tgoop.com/Kramov_Abat/1958