tgoop.com/kgosho/1219
Last Update:
Бул окуу жайды бүткондөр мамлекеттик кызматка конкурссуз алынышы мүмкүн
1. Ж. Баласагын атындагы КУУ 2. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 3. К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
4. И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 5. Ош мамлекеттик универститети 6. Баткен мамлекеттик университети 7. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
8. Б. Осмонов таындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети
9. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети 10. Талас мамлекеттик университети
11. Б. Ельцин атындагы КОС университети
Эми бул окуу жайларды артыкчылык диплому (кызыл диплом) менен аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин резерв кадрына конкурсуз кабыл алынышы мүмкүн. Бул тууралуу ЖКда Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова билдирди.
Ал президент тарабынан демилгеленген "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрүн жана "Эл үмүтү" президенттик стипендиясы менен чет элде билим алып келгендерди конкурссуз кадрлар резервине киргизүү мыйзамы тууралуу сүйлөп жатып, өзгөчө макам алган 10 ЖОЖдун кызыл диплом ээлерин да ушул тизмеге киргизүү каралып жатканын айтты.
Анын сөзү боюнча экинчи окууда мыйзам долбооруна бул пункт кошулду, эгер мыйзам долбоору ЖКдан колдоо тапса, демек жергиликтүү 10 университеттин артыкчылык дипломунун ээлеринде мамлекеттик же муниципалдык кадр болууга бир тепкич өйдөрөк жол ачылат.
@lgosho Билип жаша!
BY OSHO

Share with your friend now:
tgoop.com/kgosho/1219