tgoop.com/kgosho/1244
Last Update:
Бишкекте айып пулдардын бир тобу жогорулайт. Мыйзам долбоору сунушталды
✍️ чаржайыт соода кылууга, жол боюна тамак сатуучу жай, соода түйүн мыйзамсыз куруп алгандарга - 5500 сом, юридикалык тараптарга 17 000;
✍️ жолго тиешелүү жерди айдоого, көк шиберге унаа коюуга, бак-дарактарды сындыргандарга, саркынды сууну арыктарга куйгандарга - 10 000, юртараптарга 17 000;
✍️ уруксаты жок жолдорду тешип, оңдоо иштерин жасагандарга - 15 000, юржактарга 45 000;
✍️ жолду булгап, жол жүрүүгө коркунуч жараткандарга - 12 500, юридикалык жактарга 35 000;
✍️ жол белгилерин бузгандарга - 10 000, юридикалык тараптарга 28 000 сом;
Таштанды таштоо маданияты боюнча:
✍️ таштанды жана башка калдыктарды өрттөгөндөргө - 12 500, юридикалык тарапка 35 000;
✍️өндүрүш, курулуш жана медициналык
✍️таштандыларды чаржайыт ыргыткандарга - 10 000, юридикалык тарапка 28 000;
✍️таштанды урналары жок жерге ыргыткандарга - 7500, юридикалык жактарга 23 000;
✍️жашылдандыруу эрежелерин бузгандарга - 5500 сом, юртарапка 17000 сом;
Мындан тышкары мэрия автоунаалардын токтоп туруу эрежелерин бузуу, өтмөктөгү жөө кишиге жол бербөө, унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшүү эрежелери боюнча да айып салууну өзүнө алат. Ага ылайык 1000 сомдон, 3000 сомго чейин айып салынат.
@kgosho Билип жаша!
BY OSHO

Share with your friend now:
tgoop.com/kgosho/1244