tgoop.com/kgosho/1247
Last Update:
С.Жапаров Салык кодексин өзгөрткөн мыйзамга кол койду.Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын 8 кодексин жана 7 мыйзамын өзгөртот.
📌Жеке адамдар үчүн жалпы декларацияны жокко чыгаруу.
📌Таксисттер жана курьерлер үчүн киреше салыгынын ставкасын 1 пайыз өлчөмүндө белгилөө.
📌«Нөлдүк» отчетторду жокко чыгаруу.
📌Макулатураны жана металл сыныктарын сатууда киреше салыгынан бошотуу.
Мурда 10% болчу.
📌Айыл чарба продукциясын сатууда чекене соода түйүндөрүнүн жеңилдиктери.
📌Айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн бонустук жеңилдиктер.
📌Кыргыз Республикасында чогултулган же чыгарылган транспорт каражаттарынын ээлерин алгачкы каттоо үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат.
✍️Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр:
📌Башка адамга катталган төлөм системаларын пайдалануу боюнча административдик чаралар.
Эгерде жеке ишкер же юридикалык жак башка бирөөгө катталган төлөм системалары аркылуу товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү кабыл алса, эми мындай аракеттер үчүн айыптар каралат:
📌биринчи бузуу үчүн - эскертүү,
📌кайталап бузуу үчүн:
жеке жактарга – 20 000 сом,
юридикалык жактарга – 65 000 сом.
📌Акциздик маркалары жок же жасалма акциздик маркалар менен акциздик товарларды жүгүртүүгө айыптар көбөйөт.
✍️”Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негизги өзгөртүүлөр:
📌2025-жылдын 1-июлуна чейин курулуш компаниялары бирдиктүү салыкка өтүшү керек.
Салык төлөөчүлөрдүн бул категориясы үчүн бирдиктүү салыктын ставкалары да белгиленген:
📌6% - накталай төлөмдөр үчүн,
📌4% - накталай эмес төлөмдөр үчүн.
📌Автотранспорт каражаттарын реэкспорттук операциялар боюнча жеке жактардын салык карыздарын эсептен чыгаруу.
Жеке жактар (жеке ишкерлерди кошпогондо) 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алган кирешелери боюнча салыктык карыздардан, анын ичинде пайыздарды жана туумдарды төлөөдөн, бир жылдан аз убакытка ээлик кылган автотранспорт каражаттарын алып келүүдөн жана сатуудан бошотулат.
📌Баштапкы эсеп-кысап документтери жок калган товарларды легалдаштыруу.
Салык төлөөчүлөр 2025-жылдын 1-апрелине чейин салык органынын маалыматтык системасына алар жөнүндө маалыматтарды киргизсе, баштапкы эсепке алуу документтери жок товарлар үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Бул товарларга аталган эреже каралбайт:
📌алкоголдук ичимдиктер, тамеки буюмдар, дары-дармектер, медициналык буюмдар, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар;
📌мунай жана мунай продуктулары (2710197100-2710199800 HS коддору боюнча майлоочу майлардан тышкары);
📌салык кызматынын чечимдери же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бар товарлар.
Бул мыйзам айрым жоболорду кошпогондо 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
@kgosho Билип жаша!
BY OSHO

Share with your friend now:
tgoop.com/kgosho/1247