tgoop.com/kgosho/1248
Last Update:
Бишкекте окуучу курман болгон 72-мектептин жамааты толук иштен кетти. Бул тууралуу министр Кендирбаева билдирди
Соңку жылдары өлкөдө мектеп рэкетчилиги күчөдү. Соцтармактарда улам-улам балдарды коркутуп же ур - тепкиге алган видеолор тарап жатат.
Акыркы күндөрү эле Бишкек шаарынын 72- мектебиндеги окуя, Кара-Суу районундагы 39-мектептеги окуучулардын өлүмү менен аяктаган окуялар элдин жүрөк үшүн алууда.
Бүгүн болсо министр Д. Кендирбаева борбор калаадагы мектептин жамаатын бүтүндөй иштен кетиргенин, Кара-Сууда болсо директор, тарбия иштери менен алектенген орун басары баш болуп класс жетекчилери иштен кеткенин айтты.
Министр айым бирок ушул жылдын январь айында болгон Кант шаарындагы мектептеги рэкетчиликтин курмандыгы Дмитрий Чернявский тууралуу “чара көрүлөт” деп гана койгону болбосо, конкреттүү эч нерсе айткан жок.
Өмүр бою бейөкмөт уюмдарда иштеген Кендирбаевага, учурунда элди экиге болүп жарып, улут баалуулуктарына шек келтирген долбоорлордун анабашында турганы, азыр да мамлекеттик кызматына терс таасирин тийгизүүдө.
Болбосо, эмне үчүн бардык мектептерге тең мамиле жасабайт? Эмне үчүн славян улутундагы бала каза болгон мектептеги окуяга суз мамилесин көрсөтүп, өлкөнүн эл аралык алакасына көлөкө жабат? Бул жерде көп улуттуу кыргызстандыктарда же бир мектепте күнөө эмес, дал ушул өз тармагынын саясатын мамлекеттин саясаты менен шайкеш жүргүзө албаган министрде.
Ага эч ким “славян баласы каза болгон үчүн солгун иш алып бар” деген тапшырма берген жок да. Ал озүнүн бул жеке амбициясы менен бүтүндөй Кыргызстандын элине, анын бийлигине көө жаап жатпайбы.
Ата-энелер буга чейин балдарын аскерге жибергиси келбесе, эми мектепке да жибергенден коркуп калышты. Балдарыбызды өлүмго дуушар кылып коюп, маселени чече албаган соң бул айым эмнеге бул кызматта дале отурат, деген суроо жаралат.
Д.Кендирбаеванын учурундагыдай болуп, мектеп рэкетчилиги бир дагы министрдин заманында “өнүккөн” эмес.
Кендирбаева педагог болууну үйрөнгөнгө чейин дагы канча окуучубуз каза болушу керек?
Мугалимдерге убагында ноутбук алынбай калганын байкаган президент С. Жапаров мамлекеттин башкы мугалиминин бул алешемдиктерин да байкайт деп үмүт кылалы.
@kgosho Билип жаша!
BY OSHO

Share with your friend now:
tgoop.com/kgosho/1248