tgoop.com/kgosho/1253
Last Update:
❗️Абайлаңыз! Интернет алдамчылыгынын жаңы түрү пайда болгонун Салык кызматы эскертет.
Алдамчылар түрдүү мессенджерлер аркылуу кыргызстандыктарга салык мыйзамын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопко тартабыз деп коркуткан электрондук каттарды жөнөтүп жатканын билдирди.
Алдамчылар салыктын кайсы бир түрүнүн төлөнбөй калганын айтып, айып пул менен коркутуп күмөндүү шилтемелерди жиберет. Ал шилтемелерде салык жөнүндө жазылган маалымат бар экени айтылат.
Буга ишенбеңиздер жана шилтемеге кирбеңиздер.
Салык кызматы мындай алдамчылыктан коргонуунун төмөндөгүдөй жолдорун сунуштайт:
❗️жөнөтүүчүнү текшерип, шектүү каттарды ачпаңыз;
❗️электрондук каттардагы шилтемелерди баспаңыз – расмий эскертмелерде төлөм шилтемелери жок;
❗️маалыматты Салык кызматынын расмий сайты жана салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу текшериңиз;
❗️Белгисиз эсептерге акча которбоңуз – бардык төлөмдөр расмий салык кызматтары жана банктар аркылуу гана жүргүзүлүшү керек.
❗️Салык кызматынын кызматкерлерибиз деген адамдардан шектүү билдирүүлөр келип түшкөн учурда, тез арада укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.
@kgosho Билип жаша!
BY OSHO

Share with your friend now:
tgoop.com/kgosho/1253